Бишкек шаарынын мэриясы мектеп окуучуларынын ата-энелерине өспүрүмдөр арасында “Редан” ЖАК кыймылы жайылып, бул өспүрүм-мектеп окуучуларынын ортосунда чыр-чатакка алып келери тууралуу эскертүү менен кайрылды.
Такеж мэриясы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мектептерде 4-чейректе укук коргоо органдары тарабынан лекциялык иш-чаралар башталаарын билдирди.
Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаар мэриясы ата-энелерди бош убактысында балдарды көзөмөлдөөгө, ошондой эле зарыл болгон учурда ата-эне көзөмөлүнүн тийиштүү мобилдик тиркемелерин орнотууга чакырат.