Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында 23-мартта шаардын бардык райондорунда масштабдуу ишембилик өткөрүлдү. Мэриядан билдиришкендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын берген маалыматынын негизинде 276 тонна таштанды чыгарылып, жалпы тазалоо аянты 371,47 гектарды түздү.
Мындан тышкары борбор калаанын үч районуна 1625 ийне жалбырактуу жана жалбырактуу көчөттөр отургузулуп, дээрлик 25 чакырымга созулган сугат каналдары тазаланды.
Жалпы шаардык ишембиликке 23 миңден ашык адам кошулду.
Мэрия бардык шаар тургундарын жана уюмдарды жагымдуу экологиялык абалды камсыз кылуу үчүн борбор калааны санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча ушул сыяктуу иш-чараларга мындан ары да активдүү катышууга чакырат.