Бишкекте лифттердин техникалык абалы текшерилүүдө

Борбор калаада лифттердин техникалык абалын текшерүү иштери жүрүп жатканын шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, текшерүү Бөкөнбаев көчөсү, 14 дарегиндеги көп кабаттуу үйдөгү лифттерден башталган.

«Бишкекгорлифттин адистери эшиктердин, шахталардын жана кабиналардын иштөө тартибин текшеришти. Бул лифттерге 37 жыл толду, алар толук канаттандырарлык иштеп жатат», – деп белгилешти мэриядан.

Мындан тышкары, үй комитети жана жашоочулар менен жолугушуу болуп, анда аларга үй ээлеринин шериктештигин түзүү сунушталды. «Бул лифтти колдонуудагы мыйзамдарга ылайык алмаштыруу процесси зарыл документтердин тизмесин түзүп, ишканага тапшырган үй ээлеринин шериктештиги түзүлгөндө гана ишке ашат», – деп кошумчалады муниципалитет.

Эске салсак, 11-январда «Улан-1» кичи районунда лифт адамды басып калган. Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоду.

 

Добавить комментарий