Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэйинин беттешинде коопсуздук чараларына 2500дөн ашык милиция жооптуу болот

 

Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй курама командаларынын беттешинде Бишкек гарнизонунун 2500дөн ашуун кызматкери коопсуздукту көзөмөлдөйт, деп билдирди борбор калаанын ШИИБ басма сөз кызматы. Оюн Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат.

Беттешке байланыштуу күйөрмандар коопсуздук үчүн стадиондун кире беришинде толук текшерүүдөн өтүп, бардыгын түшүнүү менен мамиле кылуу керектигин эскертишет. Узун кезектерди болтурбоо үчүн беттешке эки саат калганда келүү сунушталат.

Стадиондун аймагына айнек жана пластик идиштерди, пиротехникалык буюмдарды, ошондой эле чагымчыл жазуулары бар плакаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын тургундарына бүгүн, 26-мартта футбол оюнуна байланыштуу саат 14:00дөн баштап эки борбордук көчө: Чүй проспектисинен Фрунзеге чейинки Тоголок Молдо көчөсү жана Манас көчөсүнөн Панфиловго чейинки Фрунзе көчөсү жабылаары эскертилет.

Бул чаралар иш-чаранын бардык катышуучуларынын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздоого багытталган.

Добавить комментарий