Бишкекте КРВИ оорусунун күчөшү: мэрия эмдөөнү кайда жасоо керектигин айтты

Күздүн келиши менен Бишкектин шаардык саламаттык сактоо департаменти КРВИ оорусунун көбөйүшүн каттай баштады. Акыркы жумада КРВИнин 1466 учуру катталды, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 661 учурга көп.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитет Бишкекке 14685 доза Россияда чыгарылган Grippol Plus вакцинасын алганын белгиледи. Бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору тобокелге кабылган адамдарга сасык тумоого каршы эмдөөлөрдү жүргүзүшөт: балдар үйлөрүндөгү балдар, көп учурда ооруп калган балдар, карылар үйлөрүнүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн адистештирилген үйлөрдүн жашоочулары. Ошондой эле тез жардам бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, реанимация бөлүмдөрүндө, алгачкы медициналык-санитардык борборлордо иштеген медициналык кызматкерлер, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 65 жаштан ашкан кары адамдар эмделет.

Ошондой эле, сасык тумоого каршы эмдөө «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Кроха», «Поликлиника 312», MЦ «KG», ЦАДМИР, «Интермедикал» жеке медициналык борборлорунда акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлөт. Аларда эмдөөнүн баасы 450-700 сомду түзөт.

“Сасык тумоо белгилери пайда болгондо (ысытма, мурундун бүтүшү, жөтөл, тамак оорусу), шаардыктар ҮМБнын дарыгерлери менен кеңешип, ооруну алгачкы этапта алдын ала алышат. Биздин дежур врачтар ар дайым керектүү жардам көрсөтүүгө даяр. Өз алдынча дарыланбаңыз!” – дешти мэрияда.

ДСУнун сунуштарына ылайык, коронавирустук инфекция менен сасык тумоого каршы эмдөөлөрдүн аралыгы 14 күндөн кем болбошу керек.

Добавить комментарий