Бишкекте Британ университетинин филиалы ачылышы мүмкүн

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Элчиси Чарльз Гаррет социалдык маселелерди талкуулашты.

Бакашова Кыргызстан үчүн Улуу Британия менен ар тараптуу мамилелерди чыңдоо жана долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү экендигин айтты, деп билдирди министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Маанилүү окуялар:

  • Британиялык тарапка COVID-19 жана жапырт эмдөөгө каршы тажрыйба алмашуу үчүн эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда онлайн консультацияларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды;
  • Британиялык тарапка КРда финансы жана банк чөйрөсүндө кадрларды даярдоого, экологиялык дипломатияга багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жана Бишкекте Британ университеттеринин биринин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды;
  • Бакашова Улуу Британия COVAX программасынын алкагында жакынкы аралыкта вакцина алууда Кыргызстанга колдоо көрсөтөт деп ишенээрин билдирди;
  • Вице-премьер-министр Улуу Британиянын жана БУУӨПтүн Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга климаттык саясатты бекемдөөгө жана БУУнун Климаттык өзгөрүүлөр боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясын өткөрүүгө көмөктөшүүгө багытталган долбоорунун оң таасирин белгиледи;
  • Британ элчиси кызматташтыкты жана долбоорду ишке ашырууну өнүктүрүүгө жана чыңдоого даярдыгын билдирди;
  • Гаррет кыргыз тарапка 2019-2022-жылдарга карата “Борбордук Азиядагы гендердик зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү” долбоорунун жүрүшү, анын ичинде Улуу Британиянын Бишкек жана Оштогу элчиликтеринин колдоосу менен ачылган кризистик борборлордун иши жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандар үчүн 117 ишеним телефону.

Добавить комментарий