Бишкекте бардык тойканалар 15 күнгө жабылат

Карантиндик чаралар күчөтүлгөндүктөн, коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу борбордогу бардык тойканалар эки жумага жабылышы мүмкүн.

Бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчасына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жазып чыкты.

Ал белгилегендей, ресторан жана кафелердин ээлери бишкектиктердин өмүрүнө коркунуч жаратат.

«Коронавируска байланыштуу абал оорлоп баратат. Шаарды кайрадан изоляциялай албайбыз, эл кыйналат. Биз силерден суранабыз, бирок силер бизди укпай жатасыңвр. Элдин ден-соолугу менен ойноп, шаарга коркунуч келтирип жатасыңар», – деди ал.

Балбак Түлөбаев жабуу боюнча чечимди жакынкы аралыкта кабыл алуу пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

Добавить комментарий