Бишкекте 2 миңден ашык абонент жарыксыз калышы мүмкүн

“Түндүк электр” ААКнын маалыматы боюнча, 31-январда Бишкекте 2,2 миң абонент карыздын айынан электр жарыгысыз калышы мүмкүн.

Өчүрүү “акылдуу” эсептегичтердин жардамы менен жүргүзүлөт. Жалпы карыз 12,5 миллион сомду түзөт. “Түндүк электр” ишканасы бишкектиктерди карызын төлөөгө чакырат.

Керектөөчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн компаниянын se.kg сайтында «Абоненттик баланс» бөлүмү каралган, анда сиз каалаган убакта өзүңүздүн жеке кабинетиңиздин абалын текшере аласыз. Ошондой эле эсептин балансын “Түндүк электр” ААКтын 1209 телефону боюнча күнү-түнү иштеген байланыш борборунан же (0556) 00-12-09 WhatsApp номерине билдирүү аркылуу билсеңиз болот.

Ошондой эле, абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «MSTС (Касса-24)», «Megacom», «О!», «Оңой» төлөм терминалдары, анын ичинде «О!», «MegaPay», «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары аркылуу, «РСК Банк», «Керемет Банк», «Дос Кредо Банк», «Бакай Банк», «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» кассаларында Банк, «Халык Банк», «КICВ Банк», «Оптима Банк» кассалары аокылуу, ошондой эле «Кыргызпочтасы» МИ электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу убакыт режиминде кабыл алышат.

Добавить комментарий