Бишкекте 10-ноябрда «JashTech» жаштар форуму өтөт

Жаштар форуму сиздерди санариптик технологиялар жана жарандык-саясий чөйрөдөгү билимдери менен бөлүшө турган ачык аянтка катышууга чакырат.

Бейшемби күнү, 10-ноябрда Бишкекте «JashTech» жаштар форуму өтөт.

ЖашTech – санариптик технологиялар, саясат жана жарандык катышуу жаатында билим, долбоорлор, жетишкендиктер менен алмашуу үчүн эркин жана ийкемдүү форматтагы ачык платформа.

Бир нече саатта сиз үйрөнөсүз:

Жасалма интеллект деген эмне? Электрондук коммерция жасалма интеллектти колдонуунун мисалы жана бизнес перспективасы.

Кибер коопсуздук. Интернетте өзүңүздү кантип коргоо керек?

Фактчекинг жана дата-журналистика.

Civic Online/Internet Катышуу: бул эмне?

Учурдагы IT кесиптер жана алар менен байланышкан бардык нерсе.

Сиздерди бир нече залда параллелдүү жыйындын негизги темалары боюнча иштөө күтөт! Күндүз презентациялар, интерактивдүү оюндар, чыгармачыл бирикмелердин спектаклдери уюштурулат.

Өтчү жери: Бишкек шаары, Инновация борбору. Алдын ала катталуу менен кирүү акысыз.

Толук маалымат Instagram @jashtyk.irm жана @irm.kg баракчаларында.

«JashTech: санариптик муун — 2022» жаштар форуму Фр. Эберт атындагы фонддун КРдагы Өкүлчүлүгү жана Кыргызпатентке караштуу «инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси менен өнөктөштүктө «Жаштарды өнүктүрүү Институту» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Добавить комментарий