Бишкек жеке бассейндердин ишин текшере баштады

Бишкектин Ленин районунда бассейндердин жетекчилиги жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Комиссиянын курамына райондун акимиаттын, МТУнун, ИИББ жана ӨКМдин өкүлдөрү кирди, деп билдирди борбор калаанын мэриясы.

Ошентип, 6 жеке бассейн текшерилди: «Дельфин», «Фламинго», «Парус», «Дениз», «Maximum», «Ак-Кеме». Рейддин жыйынтыгында текшерүү учурунда «Дельфин», «Палус», «Дениз» куткаруучуларында документтери, тактап айтканда, суучулдарды даярдоо борбору тарабынан берилген сертификат жана квалификациялык сертификаттары жок экендиги аныкталган.

Комиссия аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча акт түздү.

Рейд учурунда «Фламинго» жана «Ак-Кеме» бассейндери иштебей турган. Комиссия суу объектилеринде адамдардын өмүрүн коргоо эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мындан тышкары, райондук ӨКБ менен биргеликте жыл сайын «Ала-Арча» дарыясынын нугун изилдөө иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле шаардыктар менен сууга түшүүгө тыюу салуу боюнча иш алып барышып, «Сууда сүзүүгө тыюу салынат» деген жазуулары бар белгилерди орнотушат.

Добавить комментарий