Бишкек: жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө

Жаш сүрөтчүлөрдүн, шаардык балдардын көркөм сүрөт мектебинин тарбиялануучуларынын эмгектери коюлган көргөзмөгө Бишкектин тургундары жана борбордун коноктору келе алышат.

Иш-чара “Жаш сүрөтчүнүн көз карашы” деп аталып, шаардык көркөм сүрөт окуу жайынын 40 жылдыгына арналат.

Көргөзмөдө Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгына караштуу Балдар искусство мектебинин окуучулары тарабынан ар кайсы жылдарда аткарылган чыгармалардын ретроспективасы коюлган.

Көрсөтүлгөн эмгектер сүрөт искусствосунун түрдүү жанрларында: чийүү, живопись, графикада жасалган. Чыгармаларда окуучулар түрдүү ыкмаларды колдонушкан: карандаш, акварель, гуашь, пастел, аралаш техника.

Сүрөт мектебинин максаты – балдардын чыгармачылык жана кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү, аларды Кыргызстандын улуттук маданияты, ошондой эле дүйнөлүк көркөм маданияттын мурастары менен тааныштыруу.

Мектептин негизги жетишкендиктери: мектеп иштеген жылдары 305 окуучу Бишкектин кесиптик окуу жайларына, ЖОЖдоруна жана чет өлкөлөргө, мисалы Москва, Санкт-Петербург, Кипр, Кытай, Лондон, Берлин, Нью-Йорк, Рига шаарларына да тапшырышты…

Сүрөт мектеби бир нече жолу Эл аралык, Республикалык жана шаардык көргөзмө-конкурстарга катышып, мектептин балдары дайыма байгелүү орундарга ээ болушкан: Францияда, Жапонияда, Кытайда, Казакстанда, Россияда.

Добавить комментарий