Бишкек шаарынын окуучусу Путинден Газпромдун акцияларын сурады

Бишкек шаарынан жети жаштагы окуучу өзүнүн кыялы «Газпромдун» үлүшүнө ээ болуу экени жөнүндө Россиянын президентине кат жолдоп, Жаңы жылга карата тилегин орундатууну өтүндү.

Бул тууралуу Россотрудничествонун басма сөз кызматы билдирди.

Агенттиктин маалыматына ылайык, бала Газпромдун же Роснефтьтин акционери болууга каршы эмес жана ал Тула пряниктерин эч качан татып көргөн эмес.

«Рустам жашоого дымактуу көз караш менен карайт жана бул эң сонун нерсе. Чоңойгондо ал мунай-газ компанияларын багындырам деген оюнан кайтпай жана мектепти аяктагандан кийин, жогорку билим алуу үчүн ылайыктуу университетти тандап алат деп үмүттөнөбүз. Бул аралыкта Кремлден Рустамга посылка жөнөтүлдү. Белектер Россиянын Илим жана маданият борборунда Жаңы жылдын алдында тапшырылат», – деп белгилешти агенттикте.

Экинчи класстын окуучусу Ташматов Рустам Бишкектеги №29 гимназияда окуйт. Ал “Жакшы Адамдар” мектеп кыймылынын активисти катары белгилүү. Рустам жана анын достору ишембиликтерде, кайрымдуулук иш-чараларында чоңдорго жардам беришет, Жеңиш күнүн жана башка эсте калаарлык окуялардын майрамдоого арналган иш-чараларга катышышат.

Добавить комментарий