Бишкек шаарынын мэриясы сасык тумоого каршы акысыз эмдөө кимге жүргүзүлүп жаткандыгын түшүндүрдү

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Бишкек мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Россияда жасалган “Гриппол Плюс” тумоосуна каршы вакцина алганын жарыялады.

Эмдөө төмөнкү категориялардын арасында акысыз жүргүзүлөт: инфекциялык бөлүмдөрдө, тез жардам бөлүмдөрүндө, реанимация бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө иштеген дарыгерлер, ҮМБ дарыгерлери, балдар үйлөрүнүн, интернаттардын, карылар жана майыптар үйлөрүнүн балдары жана кызматкерлери, ошондой эле өпкө, жүрөк, боор, диабет, семирүү өнөкөт оорулары бар тез-тез ооруп жаткан балдар, кош бойлуу аялдар жана 65 жаштан жогору жарандар.

Эмдөөдөн өтүү үчүн поликлиникаңызга кайрылышыңыз керек.

Ошондой эле эмдөө акысыз негизде жеке медициналык борборлордо жүргүзүлөт: «Малыш», «Гиппократ», «Эдельвейс», «Элкрит», «Кроха», «Поликлиника 312», Профессор Асымбекованын клиникасы, ЦАДМИР, «Интермедикал».

Муниципалитет шаардагы эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калгандыгын кошумчалады. “Биз силерден санитардык эрежелерди сактрону суранабыз. Колдоруңузду самын жана суу менен тез-тез жууп, антисептиктерди колдонуп, адамдар менен байланышуудан алыс болуңуз, маска кийип, аралыкты сактаңыз. Ден-соолукту чыңдоо үчүн кыймыл-аракет, тең салмактуу тамактануу сунушталат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий