Бишкек-Ош жолу кар күрткүсүнөн корголот: Кыргызстан менен Япония келишим түзүштү


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/12/speech-83043-1672201056-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бишкек-Ош жолунда кардан коргоочу курулмаларды куруу үчүн Кыргызстанга грант бөлүү боюнча келишимге Токиодо кол коюлду.

Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Т. Текебаев Токиодо IWATA CHIZAKI INK эл аралык операциялар департаментинин вице-президенти Takeshi Kawai менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан каржыланган Бишкек-Ош жолун кардан коргоо долбоору боюнча келишимге кол койду.

Кар күрткүсү Кыргызстандын жол тилкелерине, тактап айтканда, стратегиялык маанидеги Бишкек-Ош унаа жолуна мүнөздүү. Жол кыймылынын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо үчүн Япония Өкмөтү Кыргызстанга 1 миллиард 33 миллион жапон йени өлчөмүндө акысыз (гранттык) жардам көрсөттү.

«Бишкек-Ош» автожолун кардан коргоо долбоорунун максаты кыш мезгилинде Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда жол тилкесин кар күрткүсүнөн коргой турган эки объектти куруу аркылуу жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ишенимдүү жана натыйжалуу ташууну камсыз кылуу болуп саналат.

Кардан коргоочу тосмолордун жалпы узундугу 4512 метрди түзөт, тактап айтканда Төө-Ашуу-2008 метр ашуусу аркылуу жана Ала-Бел ашуусу аркылуу 2504 метрди түзөт. Тосмолордун бийиктиги 3,0дон 4,0 мге чейин, тосмолордун тазаланышы 30дан 40%га чейин. Жогорудагы долбоор боюнча курулуш иштерин баштоо 2023-жылга белгиленген. Бишкек-Ош жолун кардан коргоо долбоору 2027-жылдын 31-декабрына чейин аяктайт.

Добавить комментарий