Бишкектн жардамга муктаж адамдарга арналган буюмдар үчүн кутучалар орнотулаары маалымдалды. Борбор калаанын жашоочулары турмуштук оор кырдаалда калган мекендештерине жардам бере алышат.
Бул тууралуу «Жетимдерди коргоо укугу» коомдук фондунун жетекчиси Игорь Беляев билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада 20га жакын куту орнотулуп, жарандар керексиз кийимдерди, бут кийимдерди же оюнчуктарды таштап кете алышат. Бардык ири соода борборлорунда кутулар пайда болот.
“Биз керексиз кийимдер менен иштөөнүн толук циклин – Бишкекте жана өлкөбүздүн аймактарында уюштурууну кыялданчубуз жана бир айда жүздөгөн буюмдар жөнүндө айтып жатабыз. Биз кайрымдуулук долбоорлоруна акча чогултуп, жаңы нерселерди бекер берүүнү гана эмес, ансыз деле жараксыз болуп калган текстиль маселесин чечүүнү кааладык”, – деп түшүндүрдү Игорь Беляев.
Ал кошумчалагандай, ушундай жол менен активисттер буюмдарга экинчи өмүр берүүнү каалашат. «Болгону буюмдарыңызды кайрымдуулук контейнерлерине салсаңыз болот. Кийимдерди жана бут кийимдерди андан ары колдонуу үчүн өткөрүп берүү ар бир шаар тургуну үчүн адат болуп калат деп ишенебиз. Жакынкы аралыкта кайрымдуулук кутулары орнотулат», – деди Игорь Беляев.