Бишкек мэриясы троллейбус сатып алуу ниетинде эмес

Бишкек мэриясы жаңы троллейбустарды сатып алуу ниети жок экенин билдирди

Бул тууралуу биринчи вице-мэр Максатбек Сазыкулов «Шааркана: шаардык мобилдүүлүктү кантип өнүктүрүү керек» диалог аянтчасында билдирди.

Ал белгилегендей, бул экологиялык таза транспорт, бирок анын кыймылы инфраструктура менен чектелген. «Бирок жаңы линияларды тартуу газ автобустарын сатып алууга караганда кымбат», – дейт Максатбек Сазыкулов.

Белгилей кетсек, буга чейин вице-мэр Русланбек Акылбеков борбордо колдонулбаган троллейбус линиялары реанимациялануусу мүмкүн экенин айткан.

Добавить комментарий