Бишкек мэриясы гараждык кооперативдерди жаңы келишим түзүүгө чакырат

Бишкек шаарынын мэриясы гараж кооперативдерин жер тилкелерин пайдалануу укугуна ижара келишимин түзүүнү өтүнөт.

Гараждар жайгашкан муниципалдык жерди гараждык кооперативдер Бишкек шаарынын мэриясы менен ижара келишимин түзүшү керек. Бул үчүн алардын өкүлдөрү борбор калаанын Ленин районунун акимчилигине келиши керек, деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматтарга караганда, 100дөн 1500гө чейин автотранспорттук гараждык кооперативдердин көпчүлүгүнүн азыркы гараждардын астындагы жерди пайдаланууга укугу жок. Кээ бир кооперативдер пайдалануу укугун токтотушкан, кээ биринин укук белгилөөчү документтери болгон эмес. Ал эми КР Жер кодексине ылайык, жеке жана мамлекеттик менчикте турган жерлерди кошпогондо, айылдык округдун, поселканын, шаардын чектериндеги жерлер муниципалдык менчик болуп саналат.

Төмөнкү жерлерди башкаруу жана тескөө:

— айылдык округдун чектеринде — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы;

— шаарлардын чектеринде — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Бишкекте бул Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгы.

Бишкек шаарынын мэриясы гараж ээлерин түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана бардык гараж кооперативдерин Чүй проспектиси, 315 (Ленин акимиатынын имараты, 4-кабат, сол канат) дареги боюнча келишим түзүүгө чакырат. Маалымат телефондору: 0312 65 69 23, 0703 88 70 07.

Добавить комментарий