Бишкек мэриясы: борбордо “Боорукердик миссиясы” гуманитардык долбоору башталды

Бишкек шаарынын мэриясы «Боорукердик миссиясы» гуманитардык долбоору башталганын, анын негизинде бардык муктаж болгондорго жардам көрсөтүү менен бирге социалдык өнүктүрүү кызматкерлери менен усулдук иш алып барарын билдирди.

Бишкекте социалдык өнүктүрүү институттарынын базасында “Боорукердик миссиясы” гуманитардык долбоорун ишке ашыруу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорду борбор калаанын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана Россотрудничество ишке ашырууда.

Долбоордун алкагында усулдук иштер, социалдык өнүктүрүү институттарынын кызматкерлери менен топтук сессиялар, турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар үчүн жеке консультациялар өткөрүлөт.

Алгачкы тренинг шаардык майыптарды реабилитациялоо борборунда өтүп, анда 2 психолог мекеменин кызматкерлери, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери менен усулдук иштерди, тренингдерди жана топтук сабактарды өткөрүштү.

Бул долбоорго ошондой эле департаменттин бир нече ведомстволук мекемелери катышат: «Аязат» кризистик борбору, «Айданек» жашы жете элек балдар үчүн реинтеграция борбору, зомбулуктан жана катаал мамиледен жабыр тарткан балдарга жардам берүү борбору, балдарды социалдык адаптациялоо борбору, «Кайрымдуулук» борбору.

Добавить комментарий