Бишкек — “​​Манас” аэропорту жолундагы жол кырсыгы: бала комадан чыкты


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/05/speech-91063-1683527256-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

20-апрелде Бишкек — “Манас” аэропорту жолунда Чүй облусунун Сокулук районундагы Ат-Башы мектеп-лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары бара жаткан мектеп автобусунун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Автобус менен GoBus кичи автобусу кагылышып, 27 бала жабыркап, алардын 24ү ооруканага жаткырылганын «Азаттык» билдирди.

Бир баланын абалы оор болуп, көпкө комада жаткан. Азыр ал эсине келди.

Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов бала комадан чыкканын билдирди. Анын астыңкы жаагынан операция болгон, кийинки жумада жамбашынан операция болот.

Анын айтымында, бул бала кырсыктан жабыркагандардын ичинен ооруканада калган жалгыз бала.

Бишкек — “Манас” аэропорту жолунда болгон кырсыктан башталгыч класстын окуучулары ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, алардын көбү ооруканадан чыкканы менен бир бала дагы эле узак мөөнөттүү дарыланууга муктаж.

Добавить комментарий