Бишкек ИИББ жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча козголгон кылмыш ишин эки жылдан бери иликтеп жатат


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-88755-1680150131-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Бишкек ИИББ КР акыйкатчысы Атыр Абдрахматова менен биргеликте жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча козголгон кылмыш ишин көзөмөлгө алды.

“Акыйкатчы” институтунун басма сөз кызматы билдиргендей, жабырлануучунун атасы 2022-жылдын август айында кызын 2020-жылдын май айында Бекжан аттуу бирөө зордуктаганын айтып, укук коргоочуларга кайрылган. Арызды ички иштер органдарына каттап, тергөө эки жолу кылмыш ишин козгоодон баш тарткан, бирок Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин райондук прокуратура тергөөчүнүн чечимин жокко чыгарып, Бишкек ИИББга тергөөгө жөнөткөн.

Бул ишти Акыйкатчы институтунун жана балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жеке көзөмөлгө алууда.

Азыр бул кылмыш ишин Бишкек шаардык ИИББ тергөө кызматы көзөмөлгө алды.

Добавить комментарий