Бишкек: ардагерлерге белек сатып алууга каражат чогултуу жарыяланды

Бишкек шаарынын активисттери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине тамак-аш сатып алуу үчүн каражат чогултушту.

Чогулган каражатка Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери үчүн Жаңы жылга карата азык-түлүк пакеттери сатылып алынат. Бул тууралуу «Ветераны 365» фонду Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ыктыярчылар 195 азык-түлүк пакетин тапшырууну каалашат. Аларды сатып алууга болжол менен 300 миң сом талап кылынат.

Белек сатып алууда жардам берүүнү каалагандар ЭлСом 0555175185 номерине акча каражаттарын которсо болот.

Акция жана фонддун иши жөнүндө суроолорду төмөнкү телефондор аркылуу берсе болот: 0555226227 (Зинаида), 0772317733 (Галина), 0555175185 (Мария).

Добавить комментарий