Биринчи класстын окуучулары 15-февралдан тарта каникулга чыгышат

Борбор шаарынын Билим берүү департаментинин басма сөз катчысы Мээрим Халиалдаева Бишкектеги 1-класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдар берилип жаткандыгын билдирди.

Анын айтымында, каникулга биринчи класстын окуучулары гана чыгат.

«Эс алуу  23-февралга чейин уланат. Эске салсам, буга чейин 1-класстын окуучулары мындай түрдө кышкы каникулга чыгышкан. Алар 22-февралга чейин эс алышты, бирок 23-февраль каникул болгондуктан, окуу процесси ушул күндөн кийин башталат», – деди Халиалдаева.

КР Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы аймактардагы кошумча каникулдар боюнча чечим облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн деңгээлинде кабыл алынарын түшүндүрдү.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана кадимкидей окушат.

Аймактардагы кошумча каникулдар жөнүндө чечим облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн деңгээлинде кабыл алынат.

Добавить комментарий