Бир үй-бүлөдө 8 адам КВИ менен ооруйт: экөө каза болду

Жалал-Абад облусунда 16-июнда көз жумган 36 жаштагы бейтаптын энеси COVID-19дан каза болду. Бул тууралуу Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев билдирди.

Буга чейин 36 жаштагы адамды акыркы сапарга узатуу зыйнаттын четинде айылдаштарыны 85; катышуусу жок жана боз үй орнотулбагандыгы кабарланган.

Маалыматка ылайык, бул үй-бүлөнүн 8 мүчөсүндө коронавирусту тастыкташкан. Сузак районундагы Кашка-Терек айылынын тургуну, 1984-жылы туулган, ал Бишкектеги базарда жашылча-жемиш саткан.

Ал 11-июнда Сузак районундагы туугандарына акыркы сапарга узатуу аземине барган. 12-июнда, ал оор абалда аймактык ооруканага жаткырылган. Реанимациялык иш-чараларга карабастан, ал 16-июнда көз жумган. Анын төрт баласы калды. Коронавируска чалдыккан кишинин 74 жаштагы апасы кечээ көз жумду.

“Аны дагы бир нече жакын адамдардын катышуусу менен коюшат. Азыр алар сөөк коюуга жай даярдап жатышат. Бул үй-бүлөдө 8 адам коронавируска чалдыкканы өкүнүчтүү», – дейт аким.

Райондо 118 адамда Covid-19 ырасталды. Бүгүнкү күндө 23 тургун дарыланып жатат. 2 адам көз жумду.

Добавить комментарий