Билим берүү министрлиги Кыргызстандын ЖОЖдорун кара тизмеден чыгарат

Кыргызстанда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Билим берүү министрлиги болуп иштей баштагандан бери, Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Сардар Ажар Тарик Хан менен биринчи жолугушууну өткөрдү.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

А.Бейшеналиев белгилегендей, бул иш сапары Билим берүү жана илим министри болуп иштей баштагандан берки Кыргыз Республикасындагы чет элдик элчи менен биринчи жолугушуу болуп саналат.

Талкуунун негизги маселеси – Пакистандагы Медицина комиссиясы тарабынан медицина тармагында адистерди даярдаган Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорун «кара тизмеге» киргизүүгө байланыштуу учурдагы кырдаал.

Мындан тышкары, алар жалпы билим берүү жана илим жаатындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы кырдаалдын өбөлгөлөрүн, ошондой эле Кыргызстандын ЖОЖдорун кара тизмеден чыгаруу максатында бул маселени тез арада чечүү жолдорун талкуулашты.

Министр А.Бейшеналиев белгилегендей, мындан ары министрлик ЖОЖдорго жаңы талаптарды коет:

– эл аралык аккредитациялардан өтүү;

– Чет элдик жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатуу;

– ЖОЖдордун материалдык-техникалык жана лабораториялык-клиникалык базаларын жабдуу менен бекемдөө.

Ал элчини Кыргыз Республикасынын жаңы дайындалган жетекчилиги министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн алдына билимди экспорттоого, анын ичинде медицина тармагына багытталган билим берүү кызматтарын көрсөткөн региондук билим берүү борборуна айлантуу максатында билим берүү жаатындагы тышкы саясатты жаңыртуу милдетин койду деп ишендирди. 

Ошондой эле А.Бейшеналиев кыргыз тараптын биргелешкен илимий долбоорлор, анын ичинде эки өлкөнүн Улуттук илимдер академиялары ортосундагы кызматташтыкты орнотууга, ошондой эле окумуштуулардын алмашуусуна жогорку кызыгуусун белгиледи.

Элчи Сардар Ажар Тарик Хан Пакистандын тиешелүү органдары менен бул маселени иштеп чыгууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, кыргыз тарап Пакистандын Кыргызстандагы элчилигине жакынкы аралыкта Кыргызстандагы ЖОЖдорду кара тизмеден чыгаруу маселесин чечүү, анын ичинде жакынкы аралыкта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган биргелешкен баалоо комиссиясын түзүү аркылуу расмий билдирүү жөнөтүүнү милдеттенди.

Пакистан тарап дагы бул маселенин эртерээк чечилишине, ошондой эле пакистандык студенттердин санынын мындан ары көбөйүшүнө жана кыргыз жарандарын Пакистандын университеттеринде ар кандай багытта окутууга квота берүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Добавить комментарий