Бекназаров 2023-жылдын 23-февралына чейин камакта болот

Борбор калаанын райондук сотунун чечими менен саясатчы Азимбек Бекназаров 2023-жылдын февраль айынын аягына чейин камакта калтырылды.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров 2023-жылдын 23-февралына чейин камакта калтырылды. Мындай чечим бүгүн Бишкектин Биринчи Май сотунда кабыл алынды.

Айыпталуучу А.Бекназаров СИЗО-21 кала берет.

Эске салсак, мурдагы элчиге карата Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдануу” жана “Массалык баш аламандык” беренелери боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Бекназаров массалык жүрүштөрдөн жана Кемпир-Абад маселеси боюнча митингден кийин кармалган.

Добавить комментарий