Башаламандык болбош үчүн: Милиция ун сатып алуучуларды таркатып жиберди

19-март күнү Ош шаарында Ж.Райымбеков көчөсүнүн сатуу жайында жуздогон жарандардын саны чогулушту. Алар ун сатып алууга тизилишкен.

Алардын ортосундагы өз тирешүүлөрдөн улам, ал жерге милиция келди. Кезекте кээ бир жарандардын коомдук тартипти бузканына байланыштуу, милиция элди четке кагууга ьажбур болду.

Бүгүнкү күндө, Ош шаарында унду 4 жерде төмөн баада сатып алууга болот – Фуркат жана Кулатов микрорайондорунда, борбордук базарда жана тегирмендерде.

Буга чейин Ош шаарынын мэриясы «Тулпар» буудай ылгоочу ишканага 30 тонна ун алып келинген. Алар борбордук базарда коомчулукка мүшөккө 1350 сомдон сатылат деп билдирди.

Тегирмендер боюнча запастарынын көлөмү 150 тонна ун жана 350 дан тузот. Кийинки бир нече күндо 650 тонна буудай жана 150 тонна ун күтүлүүдө.

Унга карата жогорку суроо-талаптан улам, ун сатууну ашыруу үчүн үч кошумча пункттарды ачуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ош шаардык мэриясынын жетекчилиги шаарда унга керектиги болгон эч калбайт деп ырастаган.

Добавить комментарий