Бөлтүрүктүн жубайы камактагы эрине жазаны өзгөртүүнү өтүнөт

«Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы КР президенти Садыр Жапаровдон коррупцияга шектелип кармалган күйөөсүнө карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранат.

Кайрылуу Болтуруктун Фейсбук баракчасына жарыяланды, деп жазат “Азаттык”.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, менин сүйүктүү жолдошум, жашы жете элек балдардын атасы Теңгиз Бөлтүрүктүн ишине көңүл буруп, ырайым кылууңузду тизе бүгүп суранам. Күйөөмдү үй камагына чыгарууга жардам берүүңүздөрдү суранам. Анын ден соолугунун абалы оор. Аны мындай абалда кармоого болбойт. Мен аны жоготуп алуудан абдан корком. Мен ал үчүн жанымды берүүгө даярмын, бирок аны тирүү калтырууга жардам бериңиз. Ал тергөө менен кызматташууга даяр. Качууну ойлогон да эмес. Ал катуу кан агуу, жүрөгү ооруп жана басымы бар”, — деп жазган Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева.

Президент Садыр Жапаров акыркы интервьюларынын биринде Бөлтүрүк таза иштеп, жеке өзү чечим чыгарам деп убада бергенин, эми сот анын ишине чекит коё турганын айткан.

Буга чейин Теңгиз Бөлтүрүк октябрь айынын башында СИЗОдон жазган катында тергөө менен кызматташууга даяр экенин билдирген болчу.

13-сентябрда Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүктү камакка алганын билдирди. Аны менен бирге камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов кармалган.

Башкы прокуратура «Кумтөрдүн» кызматкерлери кен казуучу ишканадагы коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалганын түшүндүрдү. Маалым болгондой, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сом зыян келтирилген 3 кылмыш иши козголгон.

15-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын 10-ноябрга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган. 3-октябрда шаардык сот арызды карап, жыйындын жыйынтыгында биринчи инстанциянын чечими күчүндө калтырылган. Азыр Бөлтүрүк УКМКнын СИЗОсунда отурат.

Баш коргоо чарасын тандоо боюнча сот отурумунда Теңгиз Бөлтүрүк бул ишке эч кандай тиешеси жок экенин айтып, бирок кол алдындагыларды көзөмөлдөй албай жатканын белгиледи.

«Мага коюлган айыптардын баары жалган жана абсурд. Мен эки чоң компанияда менеджер болуп, юридикалык иштер менен да алектенчүмүн. Жумушум көп, физикалык жактан баарын башкара албайм. Кээ бирлери чындап эле коррупция менен алектенип, айрымдары өлкөдөн чыгып кетишкен. Мага тагылган айыптардын бардыгы акылга сыйбайт. Өлкө үчүн мен колумдан келгендин баарын жасадым. Мен чынчылмын жана айлык менен жашайм, эч кандай тепкичтер болгон эмес. Бардык кырдаал мени таң калтырат. мен тазамын. Документтерди, бардык катышуучуларды текшеришсин. Менин жетекчилигимде көп адамдар иштеди», — деди Бөлтүрүк.

Добавить комментарий