Арстан Алай 70% эл коронавирустан өлөт деп айтты

Коронавирустан адамзаттын 70% өлүм табат, ал 2070-жылга чейин журот, ал эми Кыргызстанга коронавирус келбейт, деп коомдук ишмер Арстан Алай билдирди. Ал 3-март күнү озунун маалыматы мене басма жыйынында бөлүштү.

«Мен Коронавирусту жибердим жана мен ага чек араларды койдум. Ал бул дүйнөнү башкарууга, жерди тазалаганы багытталган. Менде соттой турганга табигый күчтөр касиети бар. Менин сөздөрүм, менин көз карашым – бул мыйзамга жатат, ал эми менин куралым – табигый күчтөр», – деди Арстан Алай.

Ал, анын пикири боюнча, коронавирустан кимдер коп запкы жейт экенин да билдирип кетти. 

«Биринчи – техника менен байланышкан адамдар. Коронавирус жургон жерде, техника абдан коп, экинчиси – диний динчилдер көп болгон жерлер. Мисалы, Түштүк Кореяда сектанттар… сезимдери бар адамдар да азап тартышат. Эмне үчүн 15 жашка чейинки балдар коронавируска чалдыкпайт? Анткени алар эч кандай жапа чекпей жагашат. Алардын катуу сезимдери жок», – деди ал.

Арстан Абдылдаев коронавирус Кыргызстанга келбейт деп айтты. «Анткени Кыргыз эли табигый күчтөр менен дүйнөнү башкарат. Кыргыздар – энергия кармагычтар. Кудай – бул энергия. Алар адамзатты сактап калышат», – деп билдирди ал.

Добавить комментарий