Алматы: Сабырбек Жумабеков авиакырсыкка кабылгандарга түндө операция жасады

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси, академик Сабырбек Жумабеков Казакстандын Алматы шаарына жакын жердеги авиакырсыктан жабыркагандарга операция жасады.

Эске салсак, академик 28-декабрга караган түнү бул максатта Алматы шаарына чыгып кеткен.

Жумабеков өзү түнкү саат экиде бир операция жасаганын билдирип, иш учурунда тартылган сүрөттөрдү жиберди. Бирок дарыгердин убактысы тар болгондуктан канча адамга жана кандай операциялар жасалганын тактоого мүмкүн болгон жок.

Глава Бишкекского научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии, академик НАН КР и иностранный член РАН Сабырбек Джумабеков в Алматы провел операцию пострадавшему в авиакатастрофе.
© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО САБЫРБЕКОМ ДЖУМАБЕКОВЫМ
Жумабеков өзү түнкү саат экиде бир операция жасаганын билдирип, иш учурунда тартылган сүрөттөрдү жиберди

Каргашанын чоо-жайы

27-декабрда эртең менен Bek Air авиакомпаниясынын учагы Алматы шаарынын четиндеги айылга кулап түшкөн. Борттун ичинде 93 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү болгон. Күтүлбөгөн кырсык 12 адамдын өмүрүн алды.
27-декабрь күнү Алматы шаарынан Нур-Султанды көздөй багыт алган учак абага көтөрүлгөндөн кийин эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп кырсыктаган. Анын кесепетинен 12 киши каза тапты, арасында экипаждын командири да бар.

Буга чейин КР президенти Сооронбай Жээнбеков адам өмүрүн алган каргашага байланыштуу Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге көңүл айткан телеграмма жолдогону маалым.

Ал эми бүгүн, 28-декабрда, Казакстанда аза күтүү күнү.

Добавить комментарий