Алай районунун тургундары акысыз комплекстүү медициналык кароодон өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат – СММ


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/06/speech-92600-1685594098-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Алыскы аймактардын тургундарына жардам көрсөтүү программасынын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги Ош облусунун Алай районунун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүүнү улантууда, деп билдирди башкармалыктын басма сөз кызматы.

«Медициналык текшерүүлөр мультидиагностикалык мобилдик комплекстердин жардамы менен жүргүзүлөт, — деп айтылат маалыматта. – Бул комплекстер ар кандай ооруларды дарылоонун кеңири спектрин жана диагностикалык процедураларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген заманбап жабдуулар менен жабдылган. Алардын курамына анализ жүргүзүү үчүн лаборатория, КТ, маммография, УЗИ аппараты, рентген аппараты, ошондой эле жеңил операциялар үчүн операциялык бөлмө жана башка атайын аппараттар кирет».

Министрликтин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын март айынан бери Алай районунун 7553дөн ашуун тургуну медициналык кароодон өтүп, 37 миңден ашуун адам дарыгерлердин кеңешин алышкан.

Долбоор беш жылга эсептелген, бул мезгилде мобилдик клиника Ислам өнүктүрүү банкынын колдоосу менен тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар, күйүүчү-майлоочу майлар, медициналык кызматкерлер айлык маянасы менен камсыздалат.

Добавить комментарий