Акыркы суткада коронавирустун статистикасы төмөндөдү

Акыркы сутка ичинде коронавирус инфекцияны жуктурган адамдардын жана пневмония менен ооругандардын саны, ошондой эле каза болгондордун саны азайды.

Кыргызстанда лаборатория тарабынан тастыкталган жана тастыкталбаган COVID-19 коронавирустук инфекциясы жана ооруканадан  сырткары пневмония катталган, бирок клиникалык көрсөткүчтөрү азайган. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирусту тастыктаган жана терс, бирок пневмония менен ооруган, башкача айтканда, клиникалык көрсөткүчтөрү бар адамдардын статистикасы бириктирилген.

«Бир күндүн ичинде өлүмдүн статистикасы төмөндөп баратат. Мисалы, акыркы 24 сааттын ичинде эки адам оң коронавирус менен, 32 адам жугуштуу пневмониядан көз жумду, бардыгы 34», – деди ал.

Каратаевдин айтымында, эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө.

 

Добавить комментарий