Акыйкатчы баласы менен таксиде иштеген жалгыз бой атага барды

Баланын укуктары боюнча акыйкатчы кызын жумушуна алып кетүүгө аргасыз болгон жалгыз бой ата менен жолукту.

Ал киши такси кызматын көрсөтөт.

Жыпариса Рысбекова Свердлов райондук администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы, райондук билим берүү бөлүмү жана Свердлов районунун социалдык өнүгүү бөлүмү менен оор турмуштук кырдаалга туш болгон адамга келди.

Ал киши социалдык коргоо жаатында жана баласынын мектепке чейинки билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда жеке көйгөйлөрү тууралуу айтып берди.

Жыпариса Рысбекова ал киши Н.Мухамеджановго анын үй-бүлөсү туш болгон оор турмуштук абалдан чыгуу үчүн зарыл юридикалык, медициналык, социалдык жана башка жардамдар көрсөтүлөрүнө ишендирди.

Ошол эле учурда Н.Мухамеджанов менен жаш баласы менен түнкүсүн жумушта болууга жол берилбестиги жана ага толук жана дени сак эс алуу жана өнүгүү үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгы тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Баланын укуктары боюнча акыйкатчы тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди, атап айтканда, социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан үй -бүлөнү социалдык колдоого кабыл алуу боюнча иштерди мүмкүн болушунча тезирээк уюштуруу, үй-бүлө менен жеке иштөө планын түзүү, балага мектепке чейинки билим берүү уюмунда орун берүү жана мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо боюнча маселелерди чечүү жана башкалар.

Добавить комментарий