АКШнын элчилигинин өкүлү Кыргызстандагы сынактын калыстар тобуна кошулду

Кыргызстанда америкалык ырды 2020-жылы мыкты аткаруучу сынагы уланууда. Мектеп окуучулары жана студенттер наам үчүн күрөшүп жатышат. 700 талапкердин арасынан 10 талапкер – мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын 8 студенти кийинки турга өтүштү.

Маалым болгондой, финалды Билим берүү министрлигинин өкүлү, популярдуу ырчы Мирбек Атабеков, «Henhouse Prowlers» музыкалык тобунун америкалык аткаруучусу Бен Райт жана АКШ элчилигинин өкүлү кирген компетенттүү калыстар тобу баалайт.

«Америкалыктардын ыр сынагына быйыл Ош, Нарын, Талас облустарындагы жана Бишкек шаарындагы 65 орто мектептен 600 окуучу катышты. Бишкек жана Ош шаарларындагы жети университеттин жүздөн ашуун студенттери облустук олимпиадаларга катышып, алардын мыктылары финалга катышуу үчүн тандалып алынды. Республикалык сынакка катышуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн, катышуучулар америкалык аткаруучулардын ырларын үйрөнүп, регионалдык деңгээлдеги тажрыйбалуу калыстарлын сотуна тартуулашты», – деп билдирди АКШнын Кыргызстандагы элчилиги.

2014-жылдан бери АКШ элчилиги жыл сайын Америка ырынын конкурсун өткөрүп, “Sun People фонду” менен биргеликте орто мектеп жана жогорку окуу жайларынын студенттерин англис тилин үйрөнүүгө үндөп, АКШнын белгилүү ырчыларынын ырларын англис тилинде аткарып, АКШнын искусствосу жана маданияты жөнүндө көбүрөөк маалымат алды. Быйыл сынак биринчи жолу виртуалдык режимде өтүп жатат. Катышуучуларды, калыстарды жана техникалык кызматкерлерди пандемиядан сактоо максатында катышуучулар кесипкөй сапаттуу клиптерди жаздырышты. Бул видеоклиптер калыстарга жана бүткүл Кыргызстан боюнча жайгашкан студиялардын көрүүчүлөрүнө берилет. Бишкек жана Америкада отуруп кыргыз жана америкалык калыстар видеону онлайн платформа аркылуу көрө алышат.

Добавить комментарий