Акча, дары-дармектер жана коргоо каражаттары барбы? Куруучулар Ош шаардык ооруканасына жардам беришти

Ош шаардык ооруканасы курулуш компанияларынан гуманитардык жардам алып жатат. Ишкерлер жана бизнесмендкр врачтарга коронавирус жана пневмония менен күрөшүүдө активдүү жардам беришет.

15-июлда «Визион» курулуш компаниясы Ош шаардык ооруканасына 10 кычкылтек концентраторун тапшырды, ал эми ошол эле күнү “ЮНИТРАСТ” курулуш компаниясы шаардык ооруканага 2 кычкылтек концентраторун өткөрүп берди.

«Ошстрой» курулуш компаниясы шаардын медициналык кызматкерлерине 200 жолу колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын (ЖКБ) белек кылды. Бул коргоочу медициналык кийимдер Ош шаардык ооруканасына өткөрүлүп берилет.

«Эмаком» курулуш компаниясы 2 бөлмөлүү батирдин наркына барабар атайын эсепке каражаттарды которот. Компаниянын директору Мелис Джусупов медицина кызматкерлерине жардам берүүгө даяр экендигин айтты.

 

Добавить комментарий