Аэрофлот Москва-Бишкек каттамын жандантты

Россиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча каттамдарын жандантканын билдирди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтан билдиришти.

«Аэрофлот» Москва-Бишкек каттамын күнүнө эки жолу аткарары такталган.

Эске салсак, 8-мартта “Аэрофлот” авиакомпаниясы “рейстердин иштешине тоскоолдук кылган кошумча жагдайлардан” улам бардык эл аралык каттамдарды токтоткон. 14-мартта Кыргызстанга каттамдар жанданганы кабарланган.

Добавить комментарий