Аялдардын миграциясы, миграция жана кылмыштуулук: КР ТИМ тегерек столдо КР жарандарынын чет өлкөлөрдөгү көйгөйлөрү тууралуу айтты

 

Бишкекте КР ТИМ демилгеси менен USAID колдоосу менен «аялдар жана миграция: себептер, чакырыктар, кесепеттер» жана «миграция жана кылмыштуулук: себептер менен шарттардын байланышы»темаларына арналган тегерек стол болуп өттү.

Бул иш-чаранын негизги максаты коомчулуктун көңүлүн “мигранттар арасындагы кылмыштуулук”, “аялдардын миграциясы” маселелерине буруу, ошондой эле пайда болгон көйгөйлөрдү талкуулоо жана алардын алдын алуунун жолдорун издөө болду. Уюштуруучулар ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгууга умтулушту.

КР Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев өз сөзүндө тегерек столдо көтөрүлгөн маселелер чындап эле кыргыз коомчулугунда тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи. Буга байланыштуу өлкө жетекчилиги миграция маселелерине, мигранттар туш болгон көйгөйлөргө өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо милдетин койду.

КР Тышкы иштер министринин орун басары А.Имангазиев өз сөзүндө белгилегендей, КР Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик органдар менен биргеликте чет өлкөдө кылмыштуулуктун алдын алуу жана аялдардын миграциясынын коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.

Министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын жарандары эң көп жашаган өлкөлөрдөгү аялдардын миграциясынын учурдагы абалына кыскача баа берип, ошондой эле аялдардын миграциясынын абалын жакшыртуу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан кадамдарды санап өттү.

Тегерек стол гибрид форматында өтүп, ага кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү, анын ичинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, МОМ, ПРООН, USAID, UNICEF, КР ЖК депутаттары, КР Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, КР мамлекеттик органдары, чет өлкөдөгү кыргыз диаспораларынын лидерлери ж.б. катышты.

Тегерек столдун катышуучулары Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарынын жана мамлекеттик органдарынын максималдуу катышуусун талап кылган маселелерди талкуулап, кылмыштуулук жана миграциялык кырдаалды жакшы жакка өзгөртүү боюнча сунуштарды жана ырааттуу аракеттерди иштеп чыгуу боюнча пикир алмашышты.

Добавить комментарий