Адистер жаңы жылдык салаттар канча убакыт сакталарын айтып берди

Жаңы жылдык салаттар бир суткадан ашык сакталбайт, андыктан ага майонез менен ар кандай соустарды дасторконго коер алдында кошуу керек. Бул туурасында РИА Новостиге тамактануу сапаты боюнча инспекциянын адиси Валентина Семенова айтып берди.

Ал салаттардын бардык түрү тез бузулуучу кулинардык тамактардын катарына кирерин айткан.

«Аралашмасы жок салаттар бир сутка сакталат. Ал эми туздуу, майонез кошулган салаттар 6 саатка чейин сакталат», — деген Семенова.

Тамактын сапаты боюнча инспекциянын дагы бир адиси Елена Павлова маринаддалган жана ачытылган жашылчалардан жасалган салаттар 36 саатка чейин сакталарын белгилеген. Ошол эле убакта кайнатылган, бууга бышырылган жана куурулуп жасалган жашылчанын салаттары бир күндөн кийин жарабай каларын билдирген.

«Жаңы жашылча же жемиштерден жасалган салаттар, винегрет, малдын жана куштун эти кошулган салаттар 18 саатка чейин, ал эми кошулмасы жоктору 12 саат сакталат», — деген Павлова.
Ошондой эле эксперттер консерваланган жана жумуртка кошулган салаттар 6 саатка чейин, балык жана деңиз азыктарынан жасалган салаттар 12 саатка чейин жарамдуу болорун кошумчалашкан.

Добавить комментарий