28-октябрда Кадамжайда газ өчүрүлөт

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын басма сөз кызматы билдиргендей, эртең, 2020-жылдын 28-октябрында, Баткен облусунун шаарларынын биринде газ өчүрүлөт.

«Кадамжай» МККдагы коопсуздук клапанын алмаштырууга байланыштуу, 28-октябрда саат 08:00дөн 17:00гө чейин Кадамжай шаарынын керектөөчүлөрүнө жаратылыш газын берүү токтотулат», – деп айтылат билдирүүдө.

Оңдоо иштери керектөөчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жүргүзүлөт.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн компания абоненттерден кечирим сурайт.

Добавить комментарий