27-апрелде Бишкекте бош орундардын жарманкеси өтөт

Иш издегендер үчүн өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынан 50 компания 2 миң бош орун сунуштайт.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы тарабынан Бишкек шаары боюнча 3500 жана республиканын аймактарынан 1300 бош орундар сунушталат. Жалпысынан 6 миңден ашык бош орундар сунушталат.

Жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс интервьюларды өткөрүшөт, жарандар ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү кызматтары боюнча (ишке орноштуруу, кесиптик билим берүү, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар ж.б.), эмгек мыйзамдары боюнча кеңеш ала алышат. 

Сизге кыска маектешүү үчүн резюмеңизди даярдоого жана басып чыгарууга жардам берет.

Кесибин тандоону чече элек мектеп бүтүрүүчүлөрү кесипке багыт берүү боюнча консультацияларды ала алышат, кызыкчылыктарын жана компетенцияларын аныктоого жардам берген кесипке багыт берүү тесттеринен өтүшөт, жөндөмдүүлүктөрүн жана көндүмдөрүн ачкан кесипке багыт берүү оюндарына катыша алышат.

Бош орундардын жана кесиптердин жарманкесине билим берүү уюмдары да катышат. Жогорку окуу жайлары кызыккандарды өздөрү окутуп жаткан адистиктер, кесиптик лицейлер, жеке менчик окуу борборлору менен тааныштырып, алардын продукцияларынын жана буюмдарынын көргөзмөсүн жана дегустациясын өткөрүп, окуу курстарына кошумча көңүл бура алышат.

Бош орундардын жарманкеси А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрында 27-апрелде саат 10:00 өтөт.

Добавить комментарий