21-февралда Ош аэропортунда Шарджа-Ош-Шарджа аба каттамы ачылат

Air Arabia (Бириккен Араб Эмираттары) авиакомпаниясы 21-февралдан тарта Ош-Шарджа аба каттамын аткара баштаганын “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

21-февралдан 3-мартка чейин — жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана ишемби күндөрү. 3-марттан тарта каттамдардын саны жумасына үчкө чейин көбөйөт: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү. Учуунун узактыгы 3,5-4 саатты түзөт.

Учурда Air Arabia авиакомпаниясы Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча “Манас” аэропортунан жумасына алты жолу (дүйшөмбүдөн башка бардык күндөрү) учат.

Шарджа – БАЭнин үчүнчү чоң шаары, ошол эле аталыштагы эмираттын административдик борбору. Дубай жана Аджман менен бирге 3 миллиондон ашык калкы бар агломерацияны түзөт.

Добавить комментарий