2023-жылы Ош жана Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн эки мамлекеттик кризистик борбор ачуу пландалууда


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-80261-1668408666-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Депутат Шарапаткан Мажитова Ошко болгон иш сапарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккен калкка бардык керектүү жардамдарды көрсөтүү боюнча социалдык мекемелердин ишин көзөмөлдөө максатында мамлекеттик колдоо менен эки кризистик борбор ачылаары белгилүү болду.

Бишкек жана Ош шаарларында мамлекеттик кризистик борборлор ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.

Ош шаардык мэриясынын алдындагы көп функционалдуу үй-бүлөнү жана балдарды колдоо борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, мекеме кызматкерлеринин үй-бүлө көйгөйлөрүн чечүүгө, аялдар менен балдарга колдоо көрсөтүүгө кошкон салымы белгиленди. Бул борбордо тиешелүү профилдеги 17 адис иштейт: психологдор, соцпедагогдор, социалдык кызматкерлер. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында бул жерде 3911 жаранга жардам көрсөтүлгөн.

«Учурда үй-бүлө, аялдар жана балдардын көйгөйлөрү жогорку деңгээлде талкууланып жатат. Буга байланыштуу эки ченемдик укуктук актыга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралууда. Өзүңүздүн эмгегиңизди белгилеп кетким келет, айлык акынын аздыгына карабастан, сиз өзүңүздүн функционалдык милдеттериңизди татыктуу аткарып жатасыз – сиздин ишмердүүлүгүңүз башкаларга үлгү болушу керек.

Ошол эле учурда белгилей кетүүчү нерсе, учурда Кыргызстанда бир дагы мамлекеттик кризистик борбор жок. Бул маселени КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго коюп, андан соң келерки жылы Ош жана Бишкек шаарларында эки мамлекеттик кризистик борборду ачуу боюнча колдоо алдык. Биз өз кезегинде сиздердин көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды чечүүдө ар кандай жардамдарды жана колдоолорду көрсөтүүгө даярбыз», – деди ал.

Ошондой эле, бул кризистик борборлор үй-бүлөлөргө жана балдарга ар кандай колдоо көрсөтүү, атап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аялдарды, өспүрүмдөрдү коргоо, моралдык, психологиялык жана социалдык жардамдын бардык түрлөрүн көрсөтө тургандыгы айтылды.

Мындан тышкары, «Боорукердик» аралаш тибиндеги пансионаты менен Ош шаарындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо боюнча адистештирилген борборуна барды. Алардын инфраструктурасы менен таанышуунун жүрүшүндө аталган мекемелердин ишмердүүлүгүнө республикалык бюджеттен колдоо көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

Добавить комментарий