2020 мектеп бүтүрүүчүлөрү маайрамсыз калат

Мектептерде акыркы коңгуроо жана орто мектепти бүтүрүү болбойт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анын айтымында, бул өкмөттүн коопсуздук жана ден-соолукту камсыз кылуу үчүн коронавируска байланыштуу бардык майрамдарды жокко чыгаргандыгына байланыштуу.

«Мектептерге буйрук чыгарып, бүтүрүүчүлөргө сертификат тапшыруу үчүн тизмелерди түзүү сунушталат.  Көпчүлүктү чогултууга жол бербөө үчүн, 3-5 кишиден ашпасын. Же класс жетекчиси күбөлүктөрдү өзү жеткирип берет», – деп белгиледи бөлүм.

Эске салсак, окуу жылы алыскы режиминде 30-майда аяктайт. Мындан тышкары, 9 жана 11-класстардын окуучулары үчүн жыйынтыктоочу сынактар ​​жокко чыгарылды. Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия окуучулардын жетишкендиктеринин негизинде сынак баа берет.

 

Добавить комментарий