14-июнда Бишкекте донорлор күнүнө карата акция өтөт

Донордук канга болгон муктаждык жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк кан донору күнү жыл сайын 14-июнда белгиленет.

Быйыл донордук күн «Кан тапшыр, дүйнөдө жашоо пульсу болсун» деген ураандын астында өтөт, деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Жетиштүү кан менен камсыздоо үзгүлтүксүз, ыктыярдуу жана акысыз кан тапшыруу менен гана камсыздалат. Бирок акыркы 25 жылда Кыргызстанда кан тапшыруу бир катар себептерден улам олуттуу төмөндөөгө дуушар болду: ММКларда кан тапшырууну үгүттөө токтотулгандыгына, социалдык себептерге, жумушка орношууга жана убакыттын жетишсиздигине байланыштуу, деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, 1000 калкка донордук канга болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн 40 донор болушу керек, ал эми Кыргызстанда 5,5 донор бар.

Добавить комментарий