Жээнбеков Болот Шамшиев менен соңку жолукканын эске салды: Президенттин кайрылуусу

Болотбек Шамшиев жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков залкар кинорежиссёр жана кино жылдызы Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына жазылган көңүл айтуусунда билдирет.

Аны режиссёрду акыркы сапарга узатуу учурунда президенттин апаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуп берди.

«Залкар режиссёр Болот Шамшиев керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзунда гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылды.  Анын чыгармалары «Кыргыз кино кереметин» түзгөн өзгөчө бир доордун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Режиссёрдук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал XX кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды»,  — деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле мамлекеттин башчысы Шамшиевдин кыргыз тарыхын, айрыкча „Манас“ эпосун терең изилдөөдөгү олуттуу иштерине токтолду.

Ал «Манас“ эпосуна жөн гана эпикалык чыгарма эмес, биздин дүйнө таанымыбыздын уңгусу, ыйык феноменибиз катары мамиле кылды. Биринчи тарткан илимий-популярдуу тасмасы Манас темасына арналды. 1995-жылы «Манас“ эпосунун 1000 жылдык мааракесиндеги театралдашкан оюндун башкы режиссёру болгон», — деп айтылат тексте.

В здании Театра оперы и балета проходит гражданская панихида по известному режиссеру Болоту Шамшиеву.

Ошондой эле президент Шамшиев залкар кинорежиссёр гана эмес, көптөгөн актёрлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан, көрөгөч жетекчи болгонун баса белгиледи. Өзгөчө Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келгенине, Сүймөнкул Чокморовдун актёрдук улуу талантын ачканына, Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдыздарына айландырганына токтолду.

Мындан тышкары, президент аны менен акыркы жолугушуусун эске салды.

«Жакында эле мени менен жолугушууда болуп, өзүнүн жаңы идеялары менен тааныштырган. Чыгармачылык пландары арбын эле. Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти. Кыргыз өңүн ааламга тааныткан режиссёр катары Болот Шамшиевдин жаркын элеси элибиздин эсинде калат!» — деп сөзүн аяктаган Жээнбеков

Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 78 жаш курагында ооруп каза болгон.

Добавить комментарий