Жеңиш күнүнүн алдында Жалал-Абад шаарынын мэри шаарда жашаган согуш ардагерлерин куттуктады. Учурда шаарда Улуу Ата Мекендик согуштун үч ардагери, концлагердин мурдагы туткуну жана эки тыл жумушчусу жашап жатышат.
Жалал-Абадда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сом жана бир кап ун берилди, деп билдирет шаар мэриясынын басма сөз кызматы.
Жалал-Абадда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 75 миң сом жана бир кап ун берилди.
Мындан тышкары ардагерлерге жергиликтүү бюджеттин акчасы менен азык-түлүк пакеттери сатылып алынды. Президент Сооронбай Жээнбековдун жардамы менен куттуктоолорун жеке эле шаардын мэри Мураталы Тагаев жеткирди.
Жалал-Абадда жашаган Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 75 миң сом жана бир кап ун берилди
Бүгүнкү күндө Жалал-Абадда Экинчи Дүйнөлүк Согуштун үч ардагери, концлагердин мурдагы туткуну жана тылдын эки кызматкери жашашат.