Жүндү кайра иштетүү жана жер семирткичтерди өндүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Монголия Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/06/speech-92621-1685603679-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

 

Монголияга болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жүндү кайра иштетүү жана жер семирткичтерди өндүрүү боюнча адистешкен «Монпелетс» ЖЧКсынын заводуна барды. Компания инновациялык технологияга патент алып, майда мүйүздүү малдын жүнүн кыртышты байытуу жана анын асылдуулугун жогорулатуучу майда гранулаларга айлантат.

Ишкананын ээси Баянжав Цогбадрах министрге ишканада колдонулган калдыксыз өндүрүш технологиясы тууралуу кеңири айтып берди. Кой жунунун бардык компоненттери эффективдуу пайдаланылып, жер семирткичтерден тышкары башка баалуу продуктылар, анын ичинде тери да чыгарылып жаткандыгын баса белгиледи.

Цогбадрах кыргыз бизнеси менен кызматташууга, анын ичинде Кыргызстанда биргелешкен өндүрүш ачуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экенин билдирди.

Министр Цогбадрахка берген маалыматы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, жүндү кайра иштетүү жана жер семирткич өндүрүүнү өнүктүрүү Кыргызстандын айыл чарбасы үчүн стратегиялык мааниге ээ. Бул ресурстарды эффективдүү пайдаланууга, ысырапкорчулукту кыскартууга өбөлгө түзөт жана айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

«Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги бул долбоорду ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана көмөк көрсөтүүгө даяр. Ыңгайлуу инфраструктураны түзүү жана биргелешкен өндүрүштү ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн кызыкдар тараптар менен, анын ичинде бизнес-коомчулуктун жана илимий мекемелердин өкүлдөрү менен керектүү консультацияларды жана талкууларды өткөрөбүз», – деп баса белгиледи Жаныбеков.

 

Добавить комментарий