РФ Президенти Владимир Путин өлкө башчысын жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.
Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
«2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагындагы өз ара аракеттенүү, коронавирустук пандемияга каршы күрөштө күч-аракеттерди координациялоо күчөтүлдү», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
«Биз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында ийгиликтүү түзө беребиз деп ишенем», – деди Владимир Путин.
РФ башчысы Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.