Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышына арналган жарманке өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында туристтик сезондун башталышына карата уюштурулган “Issyk-Kul ITF – 2022” эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси башталды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Бул тууралуу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык көргөзмө-жарманкеге өлкөнүн бардык аймактары катышты. Иш-чаранын алкагында ата мекендик жана чет элдик туристтик уюмдар, пансионаттар, конок үйлөрү өз продукцияларын жана кызматтарын көрсөтүштү.

Куттуктоо сөзүндө Акылбек Жапаров быйылкы жылы КРга туристтердин көп агымы күтүлүп жатканын жана келе жаткан туристтик сезонго кылдат даярдык көрүү керектигин белгиледи.

“Ысык-Көлдүн экологиясын жана тазалыгын сактоого бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Маалым болгондой, “Кумтөр” кени толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн. Эми экологиялык тобокелдиктерди азайтууга дагы көбүрөөк көңүл бурабыз. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Ысык-Көлдүн тегерегиндеги пансионаттар жана санаторийлер тазалоочу жайлары жок болсо иштебейт. Көлгө саркынды сууларды төгүп, аны эч ким көрбөйт, билбейт деп ойлогондор жаңылышат. Бул токтомдун аткарылышына толук контроль орнотулат. Кыргыз Республикасынын Президентинин башка Жарлыгы менен Туризмди өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш түзүлдү. Анын алгачкы жыйыны эртең болот. Туризмдин инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында 1 миллиард сом уставдык капиталы менен Туризм фонду түзүлдү”, – деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Добавить комментарий