Ысык-Көл облусунда заманбап тигүү фабрикасы ачылды

Ысык-Көл облусунда Кыргызстанда пахта продукциясын чыгаруучу ири заводдун филиалы ачылды.

Бул тууралуу КР президентинин сайты билдирет.

КР Президенти Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактын жашоочуларын 200 жумуш орду менен камсыз кылган тигүү фабрикасы менен таанышты.

Мамлекет башчысы эмгек шарттары, жумуш орундарынын тартиби жана өндүрүш жабдууларынын абалы менен таанышты.

Түп айылындагы ишкана – Кыргызстандын эң ири пахта заводу «Салкын» ЖЧКнын филиалы. Ал жерде кездемелерди, трикотаж, байпак жана башка буюмдарды чыгарылат.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар жана заводдун жумушчулары менен болгон баарлашууда Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун мурунку каражаттары максатсыз пайдаланылганын, бөлүштүрүүнүн ар кандай деңгээлиндеги коррупциялык көйгөйлөр болгонун, натыйжада көптөгөн жакшы региондук долбоорлор ишке ашпай калганын баса белгиледи.

Садыр Жапаров, бүгүн Түп айылында ачылган 200 орундуу фабриканын мисалында, азыр фонддун бардык каражаттары аймактардагы ишкерлердин демилгелерин колдоо үчүн ачык-айкын бөлүштүрүлөрүн белгиледи.

Жергиликтүү тургундар Мамлекет башчысы менен болгон баарлашууда калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо, жер тилкелерин трансформациялоо, жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу, ошондой эле социалдык жана билим берүү объектилерин – мектептерди жана бала бакчаларды куруу маселелерин көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тактап айтканда, акимдердин ролун күчөтүү, бюджеттик кызматкерлердин жөлөкпулдарынын жана айлыктарынын деңгээлин жогорулатуу пландары тууралуу айтты.

Добавить комментарий