Улуттук банктын төрагасы АКШдагы өнөктөштөрү менен жолугушту

Кыргызстандын Улуттук банкынын башчысы АКШга болгон иш сапарынын алкагында эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту.

Сапардын алкагында Кубанычбек Бөкөнтаев 18-апрелден 24-апрелге чейин Вашингтондо өткөн Эл аралык валюта корунун жана Дүйнөлүк банктын башкаруучуларынын жазгы жолугушуусуна катышты.

Ошону менен бирге ал ЭВФтин башкаруучу директору Кристалина Георгиева жана башкаруучу директордун орун басары Бо Ли, ошондой эле Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде ЭВФ жана Швейцариянын Улуттук банкы менен мындан аркы кызматташуусунун жана өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Добавить комментарий